Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык өкүлчүлүктөр жөнүндөгү жобосунда белгиленген. Жободо белгиленгенге караганда, ошондой эле элчилик кызматка дайындалуучу адис чет тилин билиши жана кесиптик мүмкүнчүлүгү, ден соолугу, жеке сапаты аткара турган ишине төп келиши керек. Тышкы иштер министрлигинин карамагында эки жылдан кем эмес иштеген адис гана элчилик жана консулдук мекемелерге иштөөгө сунушталышат. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 31-июлда өз жардыгы менен бекиткен жободо айтылат. Жардык «Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө» деп аталат.(BuS)