Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

14:34 Кароол дөбөдөгү казуулар токтотулат


Бул тууралуу бүгүн президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов менен жолугушууда билдирген. Администрация башчысына шилтеме берип,депутаттын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул багытта өкмөттүн токтому даярдалып жатат. Маданият министри Султан Раевдин билдиргенине караганда, Кароол Дөбөдөгү казуу иштерине байланыштуу учурда эксперттик комиссия иштеп жатат. Ал эми Таласта казуу иштери токтоп турат. «Манас Ордо» улуттук комплексинин директору Ормон Чоюнбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, эксперттик комиссия жыйынтык чыгармайынча «Анимус Мунди» академиясынын атынан жүргүзүлүп жаткан казууларды улантууга тыюу салынды. (BuS)

XS
SM
MD
LG