Алардын ичинен сегиз документке мамлекет башчылар кол коюшат. Маданият министрлери бир документке, банктар аралык бирикме менен ишкер кеңеш бир документке кол коюлаары болжолдонууда. Бул тууралуу президент Бакиев жума күнү ШКУга мүчө мамлекеттердин журналисттери менен жолугушууда билдирди. Президенттин айтымында, саммитте каралчу маселелер үч блоктон турат. Алардын катарында документтерге кол коюудан тышкары Шанхай саммитинин жыйынтыктарына, дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаалга байланышкан маселелер бар. (BuS)