Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев ШКУга мүчө мамлекеттердин журналисттери менен жолугушууда билдирди. Бакиевдин көз карашында оппозиция өзүнө көңүл бурдуруу үчүн, анын кесепеттерин ойлобой туруп демилге көтөрүп жатат. Союз түзүү зарылдыгы жок, Орусия менен Кыргызстан ансыз да маанилүү стратегиялык өнөктөш катары бардык тармактар боюнча кызматташып келатат деп билдирди президент. Экс-премьер-министр Феликс Кулов жетектеген Бириккен фронт Орусия менен союз түзүү демилгесин көтөрүп, аны референдумга чыгаруу үчүн кол топтоого аракет кылып жатканы менен тиешелүү органдардан каттоодон өтө албай келатат. (BuS)