Мындай маалыматты бүгүн айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин төрага орун басары Самаган Маматов билдирди. Болжолдуу эсеп боюнча токой аянты быйыл 5%ке жеткендиги болжолдонууда. 30-жылдары ал 6%, согуштан кийинки жылдары 3% болгон. Адистин айтымында, Кыргызстандын 867 миң гектарын токой ээлеп турат.
2002-жылы 50 миң чарчы метр токой кыйылса, быйыл кыюу алты эсеге азайды. Карагайларды кыюуга былтыр беш жылдык мораторий жарыяланган. Ошондой болсо да быйыл өткөн алты айда карагай-жаңгак кыюу фактылары боюнча 28 кылмыш катталды. (BuS)