ЖАЛАЛАБАТ. Облустун жалпы аянтынын 25 пайызы улуттук кайра бөлүштүрүү корунда калтырылган. Бирок ал жерлердин жер акыларын өндүрүү абалы жакшы эмес. 2 млн. сомго жакын жер акысынын 10 пайызы гана жыйналган. Жер акыларын өндүрүүнү Сузак районундагы Сузак, Багыш жана Атабекова, Базаркоргон районундагы Бешикжон, Ноокен районундагы Масы, Чаткал районундагы Чаткал жана Канышкыя айыл өкмөттөрү төмөндөтүп ийишкен. Облустагы жеке жана фермердик чарбалардын да карызы өсүп отуруп, 5 млн. сомдон ашып кеткени менен, анын тең жарымынын ашыгын Базаркоргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтү түзүп калды. (YA)