Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

17:33 “Андаш” кенин жаңы алтын казуучу компания иштетмей болду


ТАЛАС. Австриялык “Аурон майнинг” деген компания “Андаш” кенин иштетүүгө документтерин даярдап, жергиликтүү тургундар менен кайра-кайра жолугушууда. Бирок 3-августта Көпүрөбазар айылындагы клубда кен тууралу болгон жыйында жергиликтүү тургандардын көпчүлүгү мурдагыдай эле кендин иштешине каршы болушууда. Жадакалса геолог, адистер, айыл тургундардан 15 кишиден турган атайын комиссия түзүлсүн деген бийлик тараптан айтылган сунушка жыйынга катышкан эл макул болушкан жок. Бул маалыматты бүгүн Көпүрөбазар айылындагы аксакалдар сотунун төрагасы, Абазкан Айдаров аксакал “Азаттыкка” маалымдады. Ошондой эле аталган айылда “Эне жүрөгү” деп аталган жалаң аялдардан турган кендердин иштешине каршы турган топ, ар жума сайын кен тууралуу жыйын өткөрүп турууну көздөшүүдө. (UA)

XS
SM
MD
LG