Бул тууралуу Коопсуздук комитетинин маалыматына таянып, адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. Бермет Акаевага 23-апрелден 24-апрелге караган түнү сотко тоскоолдук кылды, сот чечимдерине баш ийген жок жана документти, мөөрдү уурдап жок кылды деген айып тагылды. Ал эми Борбашев менен Жантаев аттуу жарандарга массалык тартипсиздикти уюштурду деген айып коюлду. Бермет Акаева коюлган айыпты тактоону жана Чүй облустук ички иштер кызмат башчысы менен бетме-бет жолуктурууну сурап Коопсуздук комитетине экинчи ирет кайрылды. Тергөөдөгү көрсөтмөлөрдө карама-каршылыктар көп деп, ишти токтотууну сураган Бермет Акаеванын биринчи кайрылуусун Коопсуздук комитети канагаттандырган эмес. (BuS)