Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

8:15 Жыпаргүл Арыкова кесиптештеринен жардам сурады


“Тыңчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында жаткан Жыпаргүл Арыкова журналисттерден жардам сурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Айжан Касымалиева маалымдады. “Кечээ мен Арыкова менен жолуктум. Анын абалы өтө оор. Ал бардык кесиптештеринен бийликтен ишин акыйкат кароону талап кылуусун өтүндү”,-дейт А. Касымалиева. Адвокаттын айтымында, Ж. Арыкова ата-энесине Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдон материалдык жардам сурап, кайрылууну тапшырган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG