“Жебе” жаштар кыймылынын мүчөсү Элегия Мусаеванын пикиринде, премьер-министрдин Кароолдөбөдөгү казууларды токтотуу тууралуу токтому убактылуу көрүнүш. “Бул биздин көңүлүбүздү алагды кылуу максатында жасалды. ШКУнун саммитинен кийин казуулар улантылат. Эгерде нааразылык толкуну бардык республика боюнча жайылса, бийлик өкүлдөрү Чолпонбек Абыкеевди күнөлүү катары көрсөткөндөн кайра тартпайт”,-деди “Азаттыкка” Э. Мусаева. Жаш саясатчынын айтымында, бүгүн Таластагы айрым бейөкмөт уюмдар Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиевке бул иштин чоо-жайын териштирүүнү өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кат жолдойт. (ZMa)