Кечээ Ирактын түндүгүндөгү шиитердин кыштагында террорчу-жанкечти жүк ташуучу унааны жардырып жиберип, андан кеминде отуз адам набыт болду. Багдадда болсо, аялдаманын жанындагы жол боюна коюлган бомбанын жарылуусунан он беш адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалды.