Бүгүн спорттун бокс, воллейбол, баскетбол, үстөл тенниси, эркин күрөш, оор атлетика боюнча мелдештери жүрүүдө. Учурда Каракoлдо жүргөн спорт баяндамачыбыз Кабыл Макештин айтымында, сууда сүзүү боюнча мелдештери шартка байланыштуу Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайында өтүүдө. Ал эми шахмат боюнча күч сынашуу Жыргалаң курортунда, кыздар эркектер арасында воллейбол оюндары Түп районуна караштуу Маяк айылында жүрүүдө. Спартакиаданын ачылыш аземи кечээ 6-августта болгон. 11-августта аяктай турган бул мелдештер спорттун он төрт түрү боюнча өтөт. Ага жети областтан жана Ош, Бишкек шаарларынан тогуз команда катышмакчы. (ElenK)