Шанхай Кызматташтык уюму өткөрүп жаткан бул машыгууга Кыргызстандан Коргоо министринин биринчи орун басары, башкы штабдын башчысы Борис Югай баштаган отуздан ашык аскер кызматкери катышмакчы.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, машыгуу эки баскычка бөлүнгөн. Экинчи баскычы Орусиянын Чебаркуль шаарына жакын жерде уланып, Приволжье-Урал аскер округунун аскер аймагында 17-августта жыйынтыкталат. Машыгууга Кытайдан 1700, Орусиядан 2000 аскер катышаары болжолдонгон. Ага байкоочу катары ШКУга мүчө Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекет башчылары катышаары күтүлүүдө. Алардан тышкары Индия, Иран, Пакистан өңдүү байкоочу макамы бар өлкөлөрдөн, Армениядан, Беларусиядан өкүлдөр жана Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун жетекчилери чакырылган. (BuS)