Интернетте кызыктуу долбоор ишке ашып жатат. Жаштар кыргыз тилинде блог жаза башташты. Блог – бул интернеттеги адамдардын күндөлүгү сыяктуу. Анда адамдардын ар кыл ойлору, кайсы бир окуяга комментарийи же жөн эле күнүмдүк турмушу сүрөттөлүшү мүмкүн. Бул жерде каалаган адам озунун макаласын (пост) да жаза алат. Интернет мейкиндигинде http://kg.kyrgyzstan.neweurasia.net/ дареги аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүү максатын көздөгөн жаштар курамын Бишкекте жана чет мамлекетте жүргөн жигердүү мекенчил кыргыздар түзөт.(ElenK)