Мындай пикирин «Азаттыкка» президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын билдиргенине караганда, казууларга мамкатчы Адахан Мадумаров уруксат берип, президенттин коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев шарт түзгөн. Турсунбек Акун «мындай жагдайда президенттин кеңешчиси ишин улантууга моралдык укугу жок, ал эми мамлекеттик катчыга кандай чара көрүүнү президент өзү чечиши керек» дейт. (BuS)
11:39 Т. Акун: Кароол дөбөдөгү мыйзамсыз казуулар үчүн тиешелүү кызматкерлер жооп бериши керек