Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу президент Курманбек Бакиевге шилтеме берип бүгүн ушундай билдирүү жасады. Акыйкатчы президент менен кечээ жолугушуп, башка маселелердин катарында элчилик кызматтарга кесипкөй дипломаттарды тартуу маселесин да көтөрдү. Президент жолугушууда «Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жөнүндө» жардыкка кол койгондугун билдирди. Анда элчилик кызматтарга дипломатиялык тажрыйба топтогон адистерди тартуу каралган.
Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалары күтүлүүдө. Президенттин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин эки комитети депутатка макулдук берген. Президенттин басма сөз кызматы Мелис Эшимкановго байланыштуу жардык чыккандыгы тууралуу маалымат тарата элек. (BuS)