ШКУга даярдыктын чегинде өткөн бул иш чаранын учурунда чет өлкөлүктөр, психикалык орулуулар, опурталдуу адамдардын катарына кирген өспүрүмдөр, оюн-зоокко багытталган имараттар текшерүүдөн өттү. Рейддин учурунда 377 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинде 6 киши өлтүрүү фактысы бар. 17 чет өлкөлүк паспорттук тартипти бузгандыгы үчүн кармалды, баңги затка байланышкан 16 кылмыш катталды. 356 киши ар кандай себептер менен убактылуу кармалды. Алардын ичинде ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган 9 адам бар. Беш күнгө созулган рейддин тыянагын Ички иштер министрлиги бүгүн чыгарды(BuS)