Буга байланыштуу 30-августка чейин долбоор даярдалат. Инвестициялык кеңештин бүгүн өткөн экинчи отурумунда президент ушундай демилге көтөрүп, аны бажы кызматындагы корррупцияны чектөө, товарларды экспорттоо-импорттоодогу тоскоолдуктарды жоюу, товарлар боюнча бирдиктүү база түзүү өңдүү милдеттер менен байланыштырды. Президент отурумда ошондой эле кеңештин чечимдеринин аткарылылышына ырааттуу байкоо жүргүзүүгө чакырды. Инвестициялык кеңештин экинчи отурумунда тогуз маселе каралды. Инвестициялык кеңеш быйыл 24-февралда түзүлүп, ага эл аралык уюмдардын жергиликтүү өкүлдөрү, тиешелүү министрлер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү киришкен. (BuS)