Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

17:42 Ошто “Жаш лидерлер сергек болочогу үчүн!” аттуу форум өттү


ОШ. “Борбор Азия суу альянсы” коомдук бирикмеси уюштурган Фергана өрөөнүндө жайланышкан Кыргызстандын жана Өзбекстандын окуучуларынын бешинчи форуму элет калкын экологиялык, санитардык жана гигиеналык жактан агартуу маселелерин талкуулады. Өспүрүмдөр эки мамлекетте тең соңку жылдарда таза суу чоң көйгөйгө айлангандыгын, андан арылууда бийликтин жаштарга, айрыкча мектеп окуучуларына таянуусу жакшы натыйжа берерин спорттук оюндар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр аркылуу ырасташты. Коомдук бирикменин директору Элмира Жолдошева форум эмдиги жылдан кеңейип, бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылтыларын, кезектеги иш чара Тажикстанда өтөрүн кабарлады. (АТ)

XS
SM
MD
LG