АКШнын жана Ооганстандын президенттери кечээ Вашингтондун жанындагы Кэмп Дэвид резиденциясында пресс-конференция өткөрүштү. Экөө эки күн сүйлөшүү жүргүзүп, Ооганстандагы кыйынчылыктарды талкуулашты. Карзай "талибдер жеке адамдарга зыян келтиргени менен, ооган өкмөтүнө коркунуч келтирбейт" деп айтты. Ал эми Буш Ирандын коркунучтуу куралга ээ болушуна жол бербөө аракетин уланта тургандыгын билдирди.