Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

8:21 Саламаттыкты сактоо министрлиги СПИДге байланыштуу атайын баракчаларды даярдады


Баракчаларда Ош облусундагы Ноокат райондук оорукканасында он бир адамга ВИЧ илдетин жуктуруу окуясынын чоо-жайы жана келечекте мындай кырсыкты болтурбоо үчүн алдын ала чаралар тууралуу айтылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Баялинова маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта өлкөнүн бардык оорукканаларында текшерүүлөр өтүп жатат. “Дарыгерлердин айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар даарыланып жатат”,-деди Е. Баялинова. 13-26-июль аралыгында Ноокат району боюнча СПИДдин ВИЧ инфекциясын он бир кишиге жуккандыгы аныкталган. Алардын тогузу жети айдан эки жашка чейинки балдар жана бирөө дарыгер. (ZMa)

XS
SM
MD
LG