Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

8:30 Бектемир Акуновдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын тыянагына макул эмес


13-августта Нарын шаардык соту Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча сот ишин кайрадан карайт. Жабырлануучу тараптын адвокаты Канат Жайлоевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, Бектемир Акуновдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын тыянагына макул болбой, учурда Москванын адистерине кайрылууну көздөп жатат. “Москвадан биз күткөн тыянак келсе эле, Ички иштер министрлигин жана Каржы министрлигин сотко беребиз. Аларды бир миллион сомдон бир миллион долларга чейин айыпка жыгабыз”,-деди К. Жайлоев. Адвокат Акуновдун жакындары бул акчага кыйноодон жапа чеккендерге жардам көрсөткөн кайрымдуулук фонд ача турганын кошумчалады. Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG