Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигине, Салык боюнча мамлекеттик комитетке, Мамлекеттик бажы комитетине жана Чүй облустук мамлекеттик администрацияга “Азамат” базарынын кызматкерлеринин арызын териштирүүнү тапшырды. Аталган базардын жүздөн ашуун кызматкерлери мамлекеттик органдар жана базар администрациясы тарабынан укуктары бузулуп жатканын айтышууда. Алардын айтымында, унаага болгон салыктын кымбатташы, ишкерлерден ай сайын алынып турчу ижара акынын жогору баада болушу арыз жазууга түрткү болгон. (ZMa)
8:45 Өкмөт башчы тиешелүү органдарга “Азамат” автобазарындагы кырдаалды иликтөөнү тапшырды