Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Европа өлкөлөрүн Орусияны Грузиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн айыптоого үндөдү. Анын алдында ырасмий Тбилиси орус элчисине нааразылык нотасын тапшырып, 7-августка караган түнү Орусиянын аба күчтөрү Грузиянын аймагына өтүп кетип, ракета таштаганын, бирок ал жарылбай калганын билдирген. Москва бул маалыматтарды четке кагууда. АКШ чабуулду айыптап, бирок азырынча аны ким уюштурганын айтуу эртелик кылат деп эскертти.