Ыктыярдуу адистер өлкөнүн жер-жерлеринде эки жыл бою жашап, иштешет. Алар окуучуларга, студенттерге англис тилин , ишкердиктин ыкмаларын үйрөтүшөт, жаратылышты коргоо, калктын саламаттыгын, илдеттерди алдын алуучу уюмдар, мекемелер, жарандык коомдор менен кызматташат. Волонтерлер жер-жерлерге бөлүнүп иштээрдин алында эки жарым ай кыргыз тилин үйрөтүү курсунан өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Кыргызстанга акыркы он төрт жыл ичинде ыктыярдуу 600 адис келип иштеп кетишти. (BuS)