Ош–Бишкек жолунда велосипед менен саякат кылып жүрүшкөн эки туристти белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти. Ички иштер миниситрлигинин маалыматына караганда, алар Белгиянын жана Германияны жарандары.Чет өлкөлүктөрдүн айтуусунда, жол торогондор алардын жанынан жүз доллар, аудио-плеер, велосипеддин дөңгөлөгүн, кийим-кечектери менен кошо тартып алып, жалпысынан 700 (жети жүз) еврого чыгым кылышкан. Туристтерге кол салгандар экөө болгон, учурда издөө жүрүп жатат.(MiT)