Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

14:49 Депутат Мелис Эшимканов элчилик кызмат жөнүндөгү маалыматка пикирин айтуудан баш тартты


Депутат бул суроого бир жумадан кийин жооп берерин билдирип, эс алууда жүргөндүгүн кабарлады. Президенттик администрациянын маалыматына таянган жергиликтүү маалымат каражаттары Мелис Эшимканов кечээ өкмөт үйүндө болуп, элчилик кызматтан баш тарткандыгын жазышты. Президенттин маалымат кызматы бул маалыматтан кабары жок экендигин билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты, «Бириккен фронттун» мүчөсү Мелис Эшимканов мурда Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигине жиберүү жөнүндөгү президенттин сунушун кабыл алган. Парламенттик эс алуу алдында презденттин сунушун тиешелүү эки комитет карап, кубаттаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG