Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

ТОЙГОНБЕК КАЛМАТОВ: ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ, КАЗЫЯТТАР ӨЗ ИШТЕРИНЕ КАЙДЫГЕР


«Азаттыктын» түз обосунда Кыргызстандагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматов болуп, өлкөдөгү диний кырдаал тууралуу маек куруп берди.

- Өткөн айда сиздердин агенттик жумуруяттагы диний уюмдарга талапты күчөтүп, аларды тартипке келтире турган 5 мыйзам долбоорун даярдап жатканын маалымдаган элеңиздер. Бул жаатта иш кандай жүрүп жатат, анан мыйзам долбоорлору парламентте качан каралат деп атасыздар?

- Айтканыңызда жөн бар. Өткөндө биз ошол боюнча сөз жүргүздүк эле. Бүгүнкү күнү биздин агенттиктин демилгеси боюнча ушул бир топ мыйзамдарга, президенттин указына, өкмөттүн токтомдоруна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү сунуш кылып даярдадык. Бул маселе жакында каралат деген ойдобуз. Себеби өкмөт тарабынан карай турган закондорунун арасына биринчилерден кылып киргизели деген ниетибиз бар. Мунун негизги себеби биринчи жолку закон 1991-жылы кабыл алынган, андан кийинки толуктоолор, мына Конституциябыз кабыл алынган 5-май 1993-жылга таандык, андан бери 15-17 жыл өтүп атат. Коомубуз бир жерге токтогон жок. Коомдо бир топ өзгөрүүлөр, бир топ жаңы диний багыттар чыкканына байланыштуу ал мыйзамдар учурунда бардык талапка жооп берсе, бүгүнкү күндө талапка жооп бербей калды. Ушулардын бардыгын эсепке алып, мамлекетибиздин аймагында экстремисттик, сепаратисттик, террористтик диний агымдардын көбөйүп баратышын, алар менен күрөшүүдөгү эффективдүүлүк бир топ начар болуп аткандыгын эсепке алып, биз ошондой толуктоолорду жүргүздүк. Андан тышкары укук коргоо органдары 299-статьяга дагы кошумча, өздөрүнүн мыйзамдуу сунуш, пикирлерин киргизип атат. Ошолорду эгерде Жогорку Кеңеш өз маалында карап, кабыл алып берсе, анда экстремисттик, сепаратисттик, террористтик диний агымдар менен мыйзам чегинде күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болуп, эффективдүү иш алып бармак элек.

i- Бүгүн Кыргызстанда сиздердин эсебиңиздерде канча диний уюм бар жана алардын канчасы катоодон өткөн эмес?

- Бүгүнкү күнү бизде диний уюмдар 2144. Азыркы биздеги маалымат боюнча анын 1766 ислам дини боюнча, ал эми 366 христиандын диний тармактары боюнча уюмдар бар. Мен айтып аткан цифралар булар мыйзамдуу каттоодон өткөндөр. Ал эми булардан башка дагы биздин эсеп боюнча 400-500гө жакын ар түрдүү диний агымдардын бирикмелери мыйзамдуу каттоодон өтпөстөн өз иштерин жүргүзүп атышат. Бул багытта кандай иштерди жүргүзүп атабыз? Мына баш прокуратуранын демилгеси боюнча жер-жерлерде, район, шаарларда, облустарда айрыкча исламдын курамына кирген мечиттерди, сыйынуучу жайларды, медресе, институт, университеттердин бүгүнкү акыбалын абдан тыгыз, жакындан таанышууга чечим кабыл алып, бардык жерде таанышуулар болуп атат. Алсак, жыйынтык менен биздеги маалыматты салтышырып көрсөк, бир топ айырмачылыктар чыгып аткандыгы бул чындык. Бул багытта бүгүнкү күнү биздин Кыргызстандагы мусулмандар диний башкармалыгы, анын жер-жерлердеги структуралары, казыяттар, башкы имам хатибдер өздөрүнүн иштерине абдан кайдыгерлик менен, терең анализдебестен иш алып барып аткандыгынын жыйынтыгы десек аша чапкандык болобойт. Себеби көп мечиттер, сыйынуучу жайлар бүгүнкү күнү башкы имам хатибдердин, казыяттардын, айрыкча муфтияттын кайдыгерлик мамилесинин негизинде өз маалында каттоодон өтпөстөн иштеп аткандыгы бизди өкүндүрөт.

- Жалалаттагы диний кырдаал, дегеле түштүк региондорунда “Хизб-ут тахрир” кыймылы активдүү иштеп жатканы тууралу көп кабарлар түшүп атат. Бирок алар менен күрөшүүнү күчөтүү деген шылтоо менен жүргүзүлчү аракеттер адам укуктарын бузгандык деп жаткан укук коргоочулардын ойлоруна кандай жооп берет элеңиз?

- Биринчи иретте, ошол укук коргоочулардын өзүнүн билиминин, көз карашынын тайкылыгы деп кесе айтсам болот. Себеби биринчи иретте кайсы мамлекет болбосун, кандай структура болбосун сөзсүз жалпы улуттук кызыкчылыгы, анан ошол мамлекеттеги Конституциянын, мыйзамдардын аткарылышы, адам укугу, сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын эркиндигин субардинация боюнча келерин алар эсине тутуш керек. Биринчи иретте эмне үчүн биз “Хиз-ут тухрир” жана башка экстремисттик, террористтик, сепаратисттик диний уюмдар менен күрөш жүргүзүп атабыз. Себеби булар биздин мамлектибиздин, жалпы элибиздин улут арасында диний мамилелерде абдан опурталдуу абалды түзүп, Конституциялык түзүлүшүбүзгө коркунуч келтирип атат. Кайсы жаран эгер өзүн мамлекеттин патриотумун деп сезсе, мамлекеттин, элдин келечегине кайдыгер карабаса, кыйыр же түз түрдө жанагыдай ооз кыйыш пикирлерди айтышы мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG