«Париж-Пекин-Париж» сапары боюнча жол тарткан бул жүрүштүн чегинде Кыргызстан аймагы боюнча 15-августта «Карабалта-Бишкек-Нарын-Торугарт» багыты аркылуу 36 жеңил автоунааны, 16 «джип» маркасындагы унааны, 10 мотоциклди, 4 жүк ташуучу автоунааны, бир тез жардам унаасын европалык 129 айдоочу айдап өтөт. Бул тууралуу бүгүн «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар кабарлашты. Уюштуруучулардын катарында туроператорлор ассоциациясы, «Саякат үйү» компаниясы, туризм боюнча агенттик бар. (BuS)