Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

16:51 Өмүрбек Абдыракманов Коопсуздук Комитетинин сурагына чакырылды


Саясатчынын айтымында, тергөөчү коюлган айыптын чегинде суроолорду берди. Ишкер Өмүрбек Абдыракмановго Кылмыш Кодексинин 233-беренесинин биринчи пунктунун негизинде 19-апрелде Бишкекте массалык тартипсиздикти уюштурган деген айып тагылууда. Ушундай эле айыпты Коопсуздук комитети «Бириккен фронттун» лидерлери Феликс Куловго, Өмүрбек Субаналиевге жана «Канжар» жаштар уюмунун мүчөсү Адилет Айтикеевге койду. Айып далилденген шартта мыйзамда сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Аталган саясатчылар 19-апрелдеги окуяны бийликтин чагымы деп, аларга козголгон ишти саясий куугунтук катары чечмелешүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG