Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

16:56 Ысыкаталыктар «Вечерний Бишкек» гезитин сотко берет


Ысыката курортунун жанындагы «Мээрим булагы» бассейининен түшкөн суу Ысыката суусун булгап, массалык жугуштуу оорулар күч алды, деп нааразыланган адамдар 31-июль күнү курортко барчу жолду төрт сааттай бууп турушкан. Бул аралыкта бир катар авто унаалар өтпөй, курортко бара жаткан оорулуу адамдар да күтүүгө туура келген эле. Ал эми нааразылык акциясынын катышуучулары түздөн-түз “Мээрим булагы ” бассейинин жетекчилигин сынга алышкан. Бассейиндин жетекчилиги болсо бул жер кароосуз жетим балдарга тиешелүү экендигин айтып, маселени атайын түзүлгөн комиссия иликтесе деп кошумчалаган болчу. Андан соң ал маселе бир катар ММКлар аркылуу чагылдырылган. Бирок “Вечерний Бишкек” гезити маселени бир жактуу карап, такталбаган маалыматты жазды деп нааразы болгон ысыкаталыктар бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. Анда ысыкаталыктар укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын пикирин сынга алышып, гезитти сотко беребиз деп кошумчалашты. Ал эми менчик жердин талашка түшүп жаткандыгы туурасында өз оюн билдирген Т. Исмаилова, жергиликтүү элдин аракети мыйзамсыз деп баалады. (JJ)

XS
SM
MD
LG