Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

17:10 Таласта Кароол Дөбөнү коргоо комитети түзүлдү


Мындай чечимди бүгүн «Манас Ордо» комплексинин жанында өткөн жыйын кабыл алды. Жыйындын катышуучулары президентке жана өкмөткө кайрылуу кабыл алып, анда Кароол Дөбөнү казууга мораторий жарыялоо, мыйзамсыз казууга жол берген кызматкерлер катары мамкатчы Адахан Мадумаров менен президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди кызматтан алып, чара көрүү, чет өлкөдөн келген шектүү окумуштуулардын чоо-жайын аныктоо сунушу берилди. Жолугушууга эки жүздөн беш жүзгө чейин киши катышты.Бул тууралуу президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Жыйынга ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын лидерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов катышты. Жыйынга облустук бийликтин өкүлдөрү катышкан жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG