Грузин президенти "Орусия атайылап, Грузияда тополоң чыгаргысы келип жатат" деп айтты. Грузиянын ички иштер министрлиги кечээ "Орусиянын учактары өлкөнүн аймагына кирип келип, ракета таштады" деп кабарлаган. Ракета жарылган эмес. Вашингтондо Мамлекеттик департамент бул чабуулду айыптады, бирок анын артында ким турганы белгисиз экендигин белгиледи.