Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

17:57 Нарында Жанбулак айылынын тургундары жол тосууга баруулары мүмкүн


НАРЫН. Мындай билдирүүнү бүгүн 8-августта Жанбулак айылынын тургуну, айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Ташболот Апсалиев “Азаттыкка” билдирди. Ардагердин айтымында, Жанбулак айылдык Кеңешинин аймагынан Борбор Азия университетин курууга ондогон гектар жер аянты берилген. Ал жерде шагыл таш казуучу атайын кесим да болгон. Учурда шагыл таш кесими иштетилгендиктен, тиешелүү салык өлчөмү жергиликтүү бюджетке түшпөй жатат. Бир жагынан айлана чөйрө булганууда. Шагыл таш казуу боюнча жергиликтүү эл менен макулдашуу болгон эмес. Ошондуктан элдин арасында жол тособуз деген пикирлер бар дейт ардагер Ташболот Апсалиев. Бирок мындай жүйөгө Нарын районунун акими Адамиса Куланбаев макул эмес. Анын айтымында, Борбор Азия университетинин курулушу мамлекеттик алкакта чечилип, эл аралык деңгээлдеги мыйзамдуулукта ишке ашырылып жатат. (KUs)

XS
SM
MD
LG