НАРЫН. Ага чакырылган саясий партиялардын, бей өкмөт уюмдарынын 20 чукул өкүлүнүн басымдуу көпчүлүгү өз чөлкөмдөрүнөн шаардык Кеңешке шайланган депутаттарын тааныбай турушкандыктарын айтышты. Нарын шаарынын жалпы 28 депутаты тегерек столго чакырылганына карабай, эки депутат жана шаардык Кеңештин жооптуу катчысы гана келген. Тегерек стол учурунда жергиликтүү Кеңештин депутаттарын иштетүү үчүн массалык маалымат каражаттарына чыгаруу, депутаттарды окутуу жана көчө, кварталдарынын, чөлкөм башчыларынын жардамы менен шайлоочуларга жолуктуруп отчетторун угуу, андан сырткары депутаттарды кайра чакыртып алуу механизмин жөнөкөйлөтүү боюнча маселе көтөрүлдү. (KUs)