Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерий машыгууларына Кыргызстандан коргоо министринин биринчи орун басары Борис Югай баштаган отуздан ашык аскер кызматкери катышат. Машыгуу эки баскычка бөлүнгөн. Экинчи баскычы 17-августта Орусиянын Чебаркуль шаарына жакын жерде уланып, Приволжье-Урал аскер аймагында аяктайт. Машыгууга Кытайдан бир миң жети жүз, Орусиядан эки миң аскер катышаары болжолдонууда. Ага байкоочу катары ШКУга мүчө Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекет башчылары катышаары күтүлүүдө. Алардан тышкары Индия, Иран, Пакистан өңдүү байкоочу макамы бар өлкөлөрдөн, Армениядан, Беларусиядан өкүлдөр жана Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун жетекчилери чакырылган.(ZMa)