Ага “Манас ордонун” негиздөөчүлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жазуучулар жана тарыхчылар катышаары күтүлүүдө. Конференцияда “Манас ордодогу” казууларга каршы өткөрүлгөн нааразылык иш-чаралардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Кечээ Таласта жыйын өтүп, анын катышуучулары президентке жана өкмөткө кайрылуу кабыл алып, анда Кароолдөбөнү казууга мораторий жарыялоо, мыйзамсыз казууга жол берген кызматкерлерди кызматтан алуу сунушу жолдонгон. (ZMa)