Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Айжан Касымалиева маалымдады. Адвокат ушул тапта онколог дарыгерлердин Арыкованы текшерүүсүн талап кылууда. “Эгерде Арыкованын саламаттыгы коркунуч туудурса, аны тез аранын ичинде онкологиялык ооруканага которуу керек”,-деди А. Касымалиева. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова “Тыңчылык кылган” деп шектелип, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалууда. (ZMa)