Кечээ Өзгөндөгү ооруккананын жанына чогулган жыйырмага чукул адам нанга болгон баанын кымбатташынын себептерин өкмөт түшүндүрүп берүүсүн жана бул маселени жөнгө салуусун талап кылды. Эгерде талаптар аткарылбаса, жол тосуп, нааразылык акциясы башка аймактарда дагы улана турганын “Азаттыкка” анын катышуучулары маалымдады. (ZMa)