Кеме космоско убагында учуп чыгып, сапар ойдогудай болгону кабарланууда. Андагы жети астронавт космосто он бир күн болуп, эл аралык станцияда күндү изилдөө жабдыгын орнотушат. Экипаждын курамында мурда мугалим болуп иштеген Барбара Морган айым да бар, ал 1986-жылы кырсыкка учураган Чэлленжер кемесинде каза тапкан Криста Макаулиффке колдоочу дублер болгон.