Өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин администарциясы Нарын, Баткен облустарындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга көрсөтүлүп жаткан жардамдар боюнча иликтөө жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Баткен облусу боюнча 99 үй жараксыз , 233 үй оңдоп түзөөгө муктаж болсо, алардын алтымыш тогузуна 50 миң сомдук сертификат берилген. 30 үйбүлө жалпы суммасы 1,5 млн. сомдук жардам алышкан. Ал эми 223 үйбүлөнүн отуз тогузуна алигиче жардам көрсөтүлгөн эмес. Аталган облуска “Кыргыз ресурсу” мамлекеттик ишканасы 218 тонна цемент, 8740 даана шифр жеткирген. Үйлөрү жараксыз 42 үйбүлөгө курулуш материалдары жетпей калган. Нарын облусу боюнча 5 үй жараксыз деп табылып, 7715 үйдү оңдоп-түзөө каралган. Алардын ичинен бүгүнкү күнү 916 үйбүлө 50 миң сомдон алышса, 507 үйбүлө жалпысынан 25,3 млн. сомго, 1633 үйбүлө 10 миң сомдук жардамга муктаж. Кочкор районуна “Кыргыз ресурсу” мамлекеттик ишканасы 1600 тонна цемент, 32 миң шифер жеткиргени менен дагы 2700 тонна цемент, 39 150 шифер керектелери такталган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен президент Курманбек Бакиев таанышып чыгып, ал жердеги кемчиликтерди жоюу боюнча чечкиндүү чара көрүүнү, каржы жана курулуш материалдары боюнча маселени чукул арада чечүүнү премьер-министр Алмазбек Атамбевге тапшырды. (AJ)