Орусиянын аскерий ордосунун башчысы Юрий Балуевский Орусия Грузиянын аба мейкиндигин бузду деген Тбилисинин айыбын четке какты. Анын айтымында бул айып Орусияга карата провакация болуп саналат. 6-августта Орусиянын аба күчтөрү Грузиянын аймагына өтүп кетип, ракета таштаганын, бирок ал жарылбай калганын билдирген. Грузин бийлиги бул маселе боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин атайын жыйынын өткөрүүнү талап кылууда.