Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

8:26 Ысыккөлдө милиция кызматкерлери менен атчандар ортосунда кагылышуу болду

7-августта Ысыккөл облусунда Аксуу райондук ички иштер бөлүмүнүн маң заттар менен күрөшүү боюнча топтун кызматкерлери тарабынан “Апийим-2007” деген аталышта операция өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө апийим даярдаган деп шектелген кыркка жакын атчан адамдарды кармоо аракети болгон. Бирок атчандар милиция кызматкерлерин камчы менен ур-токмокко алганын “Азаттыкка” Аксуу райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Төрөбек Азизов тастыктады. Учурда он адам камакка алынып, калган шектүү адамдарды издөө иштери жүрүп жатат. (ZMa)
XS
SM
MD
LG