Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

11:10 Карасуу районунда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган эне-бала катталды


Ош облусунун Карасуу районунунда жашаган аял менен анын кичинекей баласына ВИЧ-инфекциясы Ош облустук балдар ооруканасында дарыланып жүргөндө жуккан. Ноокат районундагы аймактык инфекциялык ооруканада узак убакыт дарыланган оорулуу балдар менен катыштыгы бар адамдар учурда тыкат текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эскерте кетүүчү жагдай, Ош облусунда 9-12 жашка чейинки тогуз бала, бир догдур, бир эне ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгы тууралуу 31-июлда саламаттык сактоо министри Туйгуналы Абдыраимов маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG