Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

14:50 А.Айтикеев: Ф.Кулов саясий беделине өзү чекит койду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин издөөсүндөгү “Канжар” жаштар кыймылынын лидери Адилет Айтикеев 10-августта бириккен фронттун башчысы Феликс Куловго жооп иретинде билдирүү жасады. Билдирүүдө 3-августа маалымат жыйынында Кулов “Канжар” жаштар кыймылы бириккен фронтко эч кандай тиешеси жок, “Арнамыс” партиясындагы “Канжардын” айрым мүчөлөрү радикалдык-экстремистик көрүнүшү үчүн партиянын катарынан чыгарылган, деп айтканы жаштар кыймылына тагылган жалган жалаа экендиги айтылат. Айтикеев “Канжар” жаштар кыймылынын жалпы чечими менен “Арнамыс” партиясы, “Реформа үчүн” кыймылы сыяктуу бириккен фронттун мүчөсү болуп киришкенин билдирген. Ал ошондой эле жогорудагыдай билдирүүсү менен Кулов жаштардын ишениминен чыкканын баса белгилеген. Адилет Айтикеев 19-апрелдеги митингде массалык баш аламандыкты уюштурган делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн соң 27-апрелде камактан бошотулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG