ЖАЛАЛАБАТ. Облуста СПИД-вич инфекциясы көбөйүп кетүү коркунучу бар. Анткени жаштардын көпчүлүгү андан сактануунун жолдорун билбейт. Илдетти жуктургандардын бардыгы дарыгерлерге кайрылбайт. ВИЧ-инфекциясы менен расмий катталгандарга караганда оорулуулар 10-15 эсеге көп болуусу ыктымал. Иммундук таңсыктыгы катталган 132 адамдын 80-90 пайызы баңгилер. Быйыл катталган 25 орулуунун 48 пайызын аялдар түзөт. Облустун ооруканаларында дизинфекциялык режимдер сакталбайт. Кочкората шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө бир жолу иштетүүчү ийнелердин жоктугунан текшерүүгө кан алуу көпчүлүккө колдонулган шприцтер аркылуу жүргүзүлөөрү талкууда айтылды. (YA)