Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган банктын төрагасы Болот Байгожоев билдирди. Анын айтымында, түндө саат бирлер чамасында белгисиз бир топ адам банктын терезе-каалгасын талкалап кирип, ушул убакытка чейин имаратты ээлеп отурат. Б. Байгожоев «Ысыккөл инвест» банкты алууга азыркы бийликтеги таасирдүү адам кызыкдар экенин, акционерлер тобу жана соттун чечимин аткаруучулар, милициялар ошолордун заказын аткарып жатканын кошумчалады. Ушуга байланыштуу Б. Байгожоев 13-августта маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Кечээ күнү кечинде өздөрүн акционерлербиз деп атаган топ “Ысыккөл инвест” банкына күч менен кирүүгө аракет кылган. Аталган банктын өкүлү Нурлан Садыковдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, 10-августа банктын элүү пайызга жетпеген пакет акциясына ээ болгон акционерлер тобу өздөрүнчө кезексиз чогулуш өткөрүп, банктын жаңы башкармасын даярдады. Ал эми сот чечимин аткаруучу Каныбек Кедейбаевдин пикиринде бул иш чара мыйзамдын чегинде жүргүзүлүүдө. (ZMa)