Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, “Ысыккөл инвест” банктын ээлери мыйзам чегинде алмаштырылган деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө. Анда соттун чечимин аткарууга келген Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан банкты кайтарган “А-компания” аттуу жеке менчик күзөт агенттигинин директорунан катталбаган курал жана газ тапанчасы табылганы айтылат. Күзөт агенттигинин кызматкерлери болсо, бардык документтер жайында болгонун жана милиция кызматкерлери тапанчаны күч менен тартып алганын айтышууда. (ZMa)