Мындай чечим вице-премьер-министр Досбол Нур уулу менен саламаттыкты сактоо министри Туйгунаалы Абдраимовдун жолугушуусу учурунда кабыл алынды. Ага ылайык, 2005-жылдын январь айынан бери областык балдар оорукканасында дарылангандар кайрадан текшерүүдөн өткөрүлмөкчү. Ушул тапта балдарга ВИЧ инфекциясы кайсы жол менен жуккандыгы аныкталууда жана анын жыйынтыгы 14-августта белгилүү болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)
10:54 Ошто ВИЧ инфекциясынын дагы катталышына байланыштуу оорукканалар кайрадан текшерилет