Кайрылууда Болотбек Ногойбаев 2-августтан бери ШКУнун саммитинде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ички иштер органдары тарабынан бир катар чаралар көрүлгөнү туурасында айтат. Министр өз кайрылуусунда саммитке келе турган коноктордун жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн беш миңге жакын милиция кызматкери тартылганын жана Бишкек шаарынын айрым аймактарына кирүү чектелгенин кошумчалады. 10-августтан 18-августка чейин Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору өзү менен бирге паспорт же күбөлүктөрүн алып жүрүшү керек. Министр бардык адамдарды жоопкерчиликке, коомдук тартипти сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлерине көмөктөшүүгө чакырды. (ZMa)